Общие сведения
  .: История
 ......................................
  .: Структура НАН КР
 ......................................
Нормативные и правовые
документы
  .: Закон о НАН КР
 ......................................
  .: Устав НАН КР
 ......................................
Руководство, Президиум,
члены НАН КР
  .: Президиум НАН КР
 ......................................
  .: Члены НАН КР
 ......................................
  .: Почетные доктора
 ......................................
Годичная сессия
  .: Постановление
 ......................................
  .: Перечень разработок
 ......................................
Аппарат 
Президиума НАН КР
  .: Общие сведения
 ......................................
Учреждения 
при Президиуме НАН КР
  .: Технопарк
 ......................................
  .: Центральная научная библиотека
 ......................................
  .: Издательство “ИЛИМ”
 ......................................
Отделение ФТМиГГН
  .: Институт машиноведения
 ......................................
  .: Институт геологии им.М.М.Адышева
 ......................................
  .: Институт сейсмологии
 ......................................
Отделение ХТМБиСХН
  .: Институт биотехнологии
 ......................................
  .: Институт леса им.П.А.Гана
 ......................................
  .: Институт горной физиологии
 ......................................
  .: Биолого-почвенный институт
 ......................................
  .: Ботанический сад им.Э.З.Гареева
 ......................................
Отделение ГиЭН
Южное отделение
  .: Институт медицинских проблем
 ......................................
Научные
направления НАН КР
  .: Научные проекты
 ......................................
Международное
сотрудничество
  .: Состояние и перспективы
 ......................................
Молодежь и наука
  .: Попечительский совет фонда
 ......................................
Гос. фонд при НАН КР
  .: Конкурс "Киргизия_а"
 ......................................
Выставка
Новости

______________________________________________________________

15:15 15.04.14 | Отдел информационного обеспечения Президиума НАН КР

В НАН КР прошла презентация, посвященная включению трилогии «Манас» в список Всемирного культурного наследия ЮНЕСКО.

  
В Национальной Академии наук 15 апреля состоялась презентация, посвященная включению трилогии «Манас», «Семетей» и «Сейтек» в список Всемирного культурного наследия ЮНЕСКО.
В мероприятии приняли участие представитель ЮНЕСКО в Казахстане, Кыргызстане, Таджикистане и Узбекистане Сергей Лазарев, президент НАН КР Абдыганы Эркебаев и другие деятели культуры.
Презентация началась с показа 10 -минутного фильма, показанного в Баку (Азербайджан) на заседании межправительственного комитета ЮНЕСКО, когда решался вопрос о придании эпосу «Манас» статуса нематериального культурного наследия человечества. Первые записи эпоса связаны с именами казахского просветителя и этнографа Ч.Валиханова и русского востоковеда-тюрколога В. Радлова.

Представитель ЮНЕСКО  С.Лазарев отметил:« Я очень рад, что в Кыргызстане существует взаимодействие между государственной властью и академической средой. Комитет  ЮНЕСКО состоит из 24 государств, в котором имеется и представитель Кыргызской Республики. Благодаря также усилиям ученых НАН КР эпическая трилогия кыргызского народа включена в репрезентативный список ЮНЕСКО нематериального культурного наследия»,- добавил С.Лазарев.
По словам президента НАН КР, академика А. Эркебаева, эпос «Манас» передается из поколения в поколение и является неотъемлемой частью культуры кыргызского народа. Академия наук будет и впредь проводить работу по включению других великих эпосов в список Всемирного наследия. У нас очень много неповторимых эпосов, таких как «Эр Тоштук», «Кожожаш» и других, и они достойны быть в списке ЮНЕСКО. Включение трилогии эпоса Манас в список ЮНЕСКО - это только начало. На будущее у нас много планов», - сказал А.Эркебаев.

............................................................................................................................

На кырг.

Бүгүн, 2014-жылдын 15-апрелинде Кыргызстандагы, Казакстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы ЮНЕСКОнун өкүлү Сергей Лазарев, ЮНЕСКОнун кластердик бюронун  өкүлү Юрий Пешков, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Эльнура Корчуева,  ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын маданият боюнча программаларынын адиси Сабира Солтонгелдиевалар кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына келип, “Манас” эпосу, анын варианттары, “Манас” эпосуна байланыштуу чыккан китептер, илимий изилдөөлөр менен таанышып кетишти.
“Биздин ата-бабабыздан калган мурасыбыз “Манас” эпосун материалдык эмес мурас катары каттоо алгач Кытайда жашаган боордоштор тарабынан жүргүзүлүп калды. Албетте, алар каттаганы менен “Манас” биздин улуттук мурасыбыз, тамыры бизде, биздин рухубуз. Ал эми “Манасты” Кыргыз элинин атынан дагы каттоо үчүн Кыргыз улуттук илимдер академиясы бир топ иштерди жасаган. Иш-кагаздарын даярдаган. Кыргыздын намыстуу атуулдары “Манастын ажарын ачтырып көрсөттү. Анын жыйынтыгы болуп мына бүгүн “Манас” эпосу кыргыз элинин гана эмес дүйнөлүк көөнөргүс мурасы катары катталып жаткандыгы болууда. “Манасты” дүйнө боюнча коргоого муктаж, аздек мурас катары тааныган сертификатты алып жаткан эң бир сыймыктуу күнүбүз” – деди ЮНЕСКОнун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда улуттук илимдер академиясынын президенти, академик А.Эркебаев.
Иш-чара маалында “Манас” эпосуна арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, манасчылар “Манас” эпосунан үзүндү айтышты.

______________________________________________________________

15:45 10.04.14 | Отдел информационного обеспечения Президиума НАН КР

Презентация книг «Манас», «Семетей», «Сейтек», а также словаря «Манас».

Сегодня в 14:00 в Малом зале НАН КР состоялась презентация книг  «Манас», «Сейтек», «Семетей» в варианте Шапака Рысмендиева и  Шаабая Азизова, а так же словаря «Манас».
Вариант книги Шапака Рысмендиева был транслитерирован  с латинского языка, отредактирован к.ф.н. Айнек  Жайнаковой,  вариант Шаабая Азизова  в свою очередь был составлен к.ф.н Жылдыз Орозобековой. 
В презентации книг будут участвовать известные ученые, писатели такие как:            Б. Жакиев, М.Абакиров, М.Байджиев.

Вариант Шапака Рысмендиева:
«Манас», «Семетей» - Книги из трилогии великого эпоса «Манаса», пересказанные выдающимся манасчи  Ш. Рысмендиевым, будут выпускаться для учащихся средних и высших образовательных учреждений.  Составитель:  Жайнакова А., Редколлегия: Акматалиев А.- главный редактор, Исмаилов Т., Кыдырбаева Р.З., Молдоканов А., Мукасов М., Токтоналиев К., Токобаев К.А., Шапаков О.М., Романов Б.А., Орозобекова Ж.
Книга была выпущена усилиями сотрудников института языка и литературы  им. Ч. Айтматова. Финансовые расходы взяли на себя внук Токтобек Исмаилов,  а также правнуки  Олжо Шапаков, Кубанычбек Токобаев. В 2013 году книга была напечатана в издании “Газета KG ” в городе Бишкек.

Вариант Шаабая Азизова:
Книга-трилогия эпоса “Манас” в варианте  народного артиста Кыргызской Республики,манасчы  Шаабая Азизова была представлена полностью без каких-либо изменений в соответствии с его устным сказанием. Вариант книги предлагается специалистам по манасоведению, фольклористам, магистрантам, аспирантам, преподавателям вузов, а также студентам. Подготовлен вариант к научному изданию под общей редакцией к.ф.н. Ж.Орозобековой.   Научный редактор издания, член корреспондент НАН КР д.ф.н., профессор  Р.З. Кыдырбаева. Состав редколлегии: Салиев А., Акматалиев А., Садыков К.Ж., Шаршеев Ш., Асанканов А., Бекмухамедова Н.Х., Романов Б., Бакчиев Т.
Издано в городе Бишкек в издательстве «Кут - Бер»  в 2013 году
Главный спонсор научного издания: Республиканский молодежный центр «Манас».

Вариант«Семетей», «Сейтек» подготовлен к научному изданию, под редакцией к.ф.н. Ж.Орозобековой.Научный редактор издания, член корреспондент НАН КР д.ф.н., профессор  Р.З. Кыдырбаева. Состав редколлегии: Салиев А., Акматалиев А., Садыков К.Ж., Шаршеев Ш., Асанканов А., Бекмухамедова Н.Х., Романов Б., Бакчиев Т.

 

............................................................................................................................

На кырг.

«Манас», «Семетей», «Сейтек» китептеринин жана «Манас» сөздүгүнүн бет ачаары өткөрүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 10-апрелинде Улуттук Илимдер Академиясынын кичи залында  гуманитардык жана экономика бөлүмүнүн демилгеси менен белгилүү манасчылар Шапак Рысмендеевдин “Манас” жана “Семетей” эпосторунун варианттары, Шаабай Азизовдун «Манас», «Семетей», «Сейтек» варианттары боюнча жарык көргөн китептеринин жана «Манас» сөздүгүнүн бет ачаар аземи өткөрүлдү.
Шапак Рысмендеевдин варианты латын кол жазмасынан транслитерацияланып түзүүчү ф.и.к. Жайнакова Айнек тарабынан редакцияланган. Ал эми Шаабай Азизовдун вариантынын түзүүчүсү ф.и.к. Жылдыз Орозобекова болуп саналат. Китептин бет ачаар аземине белгилүү илимпоздор, жазуучулар: М.Абакиров, А.Өмүрканов, манасчылар С.Касмамбетов, Д.Сыдыков, “Манас Жаңырыгы” телекомпаниясынын жетекчиси Т.Токтогазиев, жана башка, белгилүү маданий ишмерлер катышып, китептер, деги эле “Манас” эпосунун варианттары, алардын басылышы боюнча ойлорун ортого салышты.

            Шапак Рысмендеевдин варианты:
«Манас», «Семетей» - Улуу «Манас» эпосунун классикалык үлгүсүнүн улуу муундагы үчилтиги толук айткан манасчы Ш. Рысмендеевдин варианты жогорку, орто окуу жайлар жана жалпы окурмандар үчүн сунушталат. Түзүүчү: Жайнакова А., Редколлегия: Акматалиев А.- башкы редактор, Исмаилов Т., Кыдырбаева Р.З., Молдоканов А., Мукасов М., Токтоналиев К., Токобаев К.А., Шапаков О.М., Романов Б.А., Орозобекова Ж.
Китеп басмага Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуулар кеңеши тарабынан сунуш кылынган. Китепти түзүүгө кеткен ыгым-чыгымдарды небереси Токтобек Исмаилов, чөбөрөлөрү Олжо Шапаков, Кубанычбек Токобаевдер каржылады. 2013-жылы Бишкек шаарында «Газета - KG» басмаканасында басылып чыкты.
Шаабай Азизовдун варианты:
«Манастын» классикалык үлгүсүнүн үчилтигин толук, ата-бабасынан бери айткан манасчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ш. Азизовдун вариантынын оозеки үлгүсү кандай болсо ошондой кийлигишүүсүз басылды. Манастаануу илиминдеги адис фольклористтер, магистрант, аспиранттар, жождордун мугалимдери жана студенттерине, биринчи иретте жалпы кыргыз журтчулугунун окурмандарына арналат. Илимий басмага даярдап, жалпы редакциядан өткөргөн ф.и.к. Ж.Орозобекова. Басманын илимий редактору КУИА нын мүчө-корреспонденти, ф.и.д., профессор Р.З. Кыдырбаева. Редколлегиялык курам: Салиев А., Акматалиев А., Садыков К.Ж., Шаршеев Ш., Асанканов А., Бекмухамедова Н.Х., Романов Б., Бакчиев Т.
2013-жылы Бишкек шаарында «Кут-Бер» ЖЧК басмаканасында басылып чыкты.
Илимий басманын башкы демөөрчүсү: Республикалык «Манас» жаштар ордосу.

«Семетей», «Сейтек»  - Илимий басма жалпы окурмандарыбыз үчүн фольклористика илиминдеги адистерге, ЖОЖдордун мугалимдерине, жаш илимпоздорго арналат. Илимий басмага даярдап, жалпы редакциядан өткөргөн ф.и.к. Ж.К. Орозобекова. Басманын илимий редактору КР УИА нын мүчө-корреспонденти, ф.и.д., профессор Р.З. Кыдырбаева. Редколлегиялык курам: Эркебаев А., Акматалиев А., Садыков К.Ж., Асанканов А., Бекмухамедова Н.Х., Романов Б., Бакчиев Т. 2013-жылы Бишкек шаарында «Кут-Бер» ЖЧК басмаканасында басылып чыкты.
Илимий басманын башкы демөөрчүсү: Республикалык «Манас» жаштар ордосу.

______________________________________________________________

15:39 04.04.14 | Отдел информационного обеспечения Президиума НАН КР

4 апреля 2014 в НАН КР состоялась подписание Меморандума о научном сотрудничестве между Тюркской академией (Республика Казахстан)  и НАН КР.
Меморандум подписали Президент НАН КР Абдыганы Эркебаев и Президент Тюркской академии Республики Казахстан Дархан Кыдырали.

Настоящий Меморандум регулирует условия двустороннего сотрудничества в области научных исследований, в рамках которого Стороны намерены продолжать сотрудничество.
Стороны будут осуществлять сотрудничество в области тюркологии на взаимовыгодной основе с целью придания долгосрочного и конструктивного характера данному сотрудничеству.
Стороны согласны на основательный отбор проектов по сотрудничеству в области научных исследований. В этой связи усилия будут направлены на ограниченное количество областей исследований с целью создания более эффективного сотрудничества. Эти сферы сотрудничества должны представлять взаимный интерес для Республики Казахстан и Кыргызской Республики; научные исследования международного значения должны проводиться на высоком уровне.
Стороны отмечают важное значение научных исследований в области гуманитарных наук (в частности, тюркологии). Стороны считают, что необходимо  использовать любые благоприятные возможности для осуществления научной деятельности на высоком уровне как в настоящем, так и в будущем. Для этого:
Стороны направят двустороннее сотрудничество в следующие приоритетные сферы: история и культура тюркских народов, тюркские языки и литература, экономика и политика тюркоязычных государств, казахо-кыргызские контакты. Ежегодно Стороны будут определять специальные приоритетные сферы внутри или на стыке этих сфер. По возможности национальные программы и двустороннее сотрудничество должны быть взаимосвязанными.
Стороны придают специальное значение вовлечению молодых ученых в сотрудничество.  
Для обеспечения эффективного осуществления настоящего меморандума, Стороны будут проводить ежегодную встречу в Астане или Бишкеке.

............................................................................................................................

На кырг.

Бүгүн, 2014-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясында КР УИА жана Түрк академиясынын (Казак Республикасы) ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Меморандумга КР УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев жана Казак Республикасындагы Түрк академиясынын президенти Дархан Кадырали кол коюшту.
Бул Меморандум илимий изилдөөлөр жаатындагы эки жактуу кызматташуунун шарттарын жөнгө салат жана тараптар мындан наркы кызматташуусун анын чегинде улантмакчы.
Өздөрүнүн түркология тармагындагы кызматташуусун узак мөөнөттүү жана иштиктүү мүнөзгө ээ кылуу үчүн Тараптар аны өз ара пайдалуу негизде жүргүзүшмөкчү.
Түрк академиясы жана КР УИА иш жүргүзүүдө илимий изилдөөлөр жаатындагы кызматташуу үчүн долбоорлорду олуттуу карап ылгоого макул болушат. Буга байланыштуу кызматташуу үзүрлүү болсун үчүн аракеттенүүлөр изилдөөлөрдүн чектелген санына багытталат. Аталган кызматташуу чөйрөлөрү Казакстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы үчүн өз ара кызыктуу болууга, эл аралык маанидеги илимий изилдөөлөр жогорку деңгээлде жүргүзүлүүгө тийиш.    
Меморандумга кол коюу учурунда “Биз Казакстан менен учурда саясий, экономикалык жактан кызматташпыз. Эми гуманитардык, илимий жактан да биргелешкен иштерди жүргүзүүгө аракет кылышыбыз керек” – деди КР УИАнын президенти, академик А.Эркебаев.
 “Биздеги бир катар долбоорлорду Кыргызстанга бурсакпы деген оюбуз бар. Былтыр өткөн, Чыңгыз Айтматовго арналган конференцияны биз китеп кылып чыгарабыз. Казакстанда Токтогул акындын 150 жылдыгын белгилөө, конференция өткөрүү боюнча тапшырма берилди. Дагы айта кетчү нерсе – илимдер академиясы бир топ китептерди чыгарган, антология, альманах ж.б. ал эми кийинки чыга турган альманах менен антологиянын сандары кыргыз элинин адабиятына, маданиятына арналат” – деп белгилей кетти Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали.
Тараптар гуманитардык илимдер тармагындагы (анын ичинде, түркологиядагы) илимий изилдөөлөрдүн зор маанисин белгилешип, илимий ишмердүүлүктү азыр да, келечекте да жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн кол бар болгон бардык ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу зарыл деген оюн билдиришти.
Бул үчүн Тараптар эки жактуу кызматташууну төмөнкүдөй артыкчылыктуу чөйрөлөргө багыттамакчы: түркий элдердин тарыхы менен маданияты, түркий тилдер, адабияттар, философия, маданият, түркий тилдүү мамлекеттердин экономикасы менен саясаты, казак-кыргыз байланыштары. Жыл сайын Тараптар аталган чөйрөлөрдүн алкагында же чегинде атайын артыкчылыктуу багыттарды аныктап турушат. Мүмкүнчүлүккө жараша, улуттук программалар менен эки жактуу кызматташтык өз ара байланышта болгону абзел.
Тараптар кызматташууга жаш окумуштууларды тартууга айрыкча маани беришти.
Ушул меморандумдун үзүрлүү жүзөгө ашуусун камсыз кылуу үчүн Тараптар жылына бир жолу Астанада же Бишкекте жолугушуу өткөрүшмөкчү.

Меморандум үч жыл өз күчүндө болот.

 

______________________________________________________________

14:00 31.03.14 | Отдел информационного обеспечения Президиума НАН КР

Сотрудники лаборатория флоры Биолого – почвенного института НАН КР  (Султанова Б.А., Лазьков Г.А., Ганыбаева М.Р., Койчубекова Г.А.) выпустили  словарь под названием «Русско-кыргызский словарь названий растений и ботанических терминов».
В словаре содержится перевод с русского на кыргызский названий таксонов растений, в том числе 3909 видов, 832 родов, 114 семейств, а также 1242 наиболее распространённых ботанических (преимущественно относящихся к области флористики и систематике) терминов. Основой для перевода названий растений служит недавно вышедший «Кадастр флоры Кыргызстана (сосудистые растения)». Большинство ботанических терминов позаимствовано из проекта «Русско-киргизского словаря терминов по ботанике» (Шамбетов, 1988).
Словарь может быть полезен всем имеющим дело с охраной биоразнообразия, преподавателям и учителям биологического профиля, а также тем, кто интересуется растениями Кыргызстана.

............................................................................................................................

На кырг.

КР УИА Биология-топурак таануу институтунун флора лабораториясынын кызматкерлери (Султанова Б.А., Лазьков Г.А., Ганыбаева М.Р., Койчубекова Г.А.) “Өсүмдүктөрдүн жана ботаникалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн” жарыкка чыгарышты.  
Сөздүккө өсүмдүктөрдүн орусчадан кыргызчага которгон таксондордун аталыштары кирген, анын ичинде 3909 тукум, 832 түр, 114 түркүм ошондой эле 1242 эң кеңири  жайылган ботаникалык  (көбүнчөсү флористика жана систематика тармагына караштуу) терминдер киргизилген. Котормого жакында эле жарыкка чыккан “Кыргызстандын флорасынын кадастры (көңдөйлүү өсүмдүктөр)” негиз болгон. Ботаникалык терминдердин көпчүлүгү “Ботаника боюнча орусча-кыргызча терминдердин сөздүгүнөн” алынган (Шамбетов, 1988).
Сөздүк биотүрдүүлүктөрдү коргоо менен алектенген, биологиялык тармактагы окутуучулар жана мугалимдерге, ошондой эле Кыргызстандын өсүмдүктөрүнө кызыгуучуларга пайдалуу.

______________________________________________________________

16:16 26.03.14 | Отдел информационного обеспечения Президиума НАН КР

В НАН КР состоялась встреча президента НАН КР А.Э.Эркебаева  с заместителем директора академии наук КНР (RADI CAS), профессором Жианбо Лиу. На встрече  присутствовали вице-президент НАН КР А.А.Борубаев,  директор института ИФТПиМ  НАН КР К.М. Жумалиев и др.

 

Визит совершается в рамках договора о научно – техническом сотрудничестве между Институтом физико – технических проблем и материаловедения НАН КР и Институтом дистанционного зондирования академии наук КНР, подписанного в прошедшем году в столице.

В рамках договора RADI CAS предоставил бесплатный доступ к базе данных аэрокосмических изображений, благодаря чему ИФТПиМ НАН получил более 3 терабайт спутниковых снимков Кыргызстана и использует их в своих исследованиях. Также в декабре 2013 года RADI CAS передал программное обеспечение по обработке аэрокосмических снимков на 1млн. долларов США.

В декабре во исполнение общего договора о сотрудничестве были подписаны 2 договора о совместных исследованиях

  1. озер Иссык-Куль и Бостон, а также ледника имени Петрова
  2. минеральных ресурсов Западного Тянь – Шаня.

В ходе визита планируется подписание Меморандума о сотрудничестве в рамках которого профессор Жианбо Лиу привез 2 комплекта программ ЭВМ для лабораторий ИФТПиМ НАН по приему спутниковых данных и их визуализации на большом мониторе в реальном времени. 

В программе пребывания профессора Жианбо Лиу  посещение Института геологии НАН КР, Института сейсмологии НАН КР.
Кроме того, эти Институты совместно планируют провести 10-12 сентября 2014 года на Иссык-Куле 2 Международный симпозиум по наблюдению Земли для засушливых и полузасушливых зон «Центральная Азия: взгляд из космоса».  В ходе визита будет обсуждаться также ход подготовки  предстоящего симпозиума.

............................................................................................................................

На кырг.

КЭР ИАнын жана КР УИАнын ортосунда кызматташуу боюнча жолугушуу өттү

Бүгүн, 2014-жылдын 26-мартында КР УИАнын президенти, академик  Абдыганы Эркебаев Кытай Эл Республикасынын илимдер академиясынын (RADI CAS) директорунун орун басары, профессор Жианбо Лиу менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага КР УИАнын вице-президенти, академик А.А.Борубаев жана ФТПМТ институтунун директору К.М.Жумалиев ж.б. катышты.
Жолугушуу Бишкекте, өткөн жылы КР УИАнын физико-техникалык проблемалар жана материал таануу институту менен КЭРдин илимдер академиясынын дистанциялык зонддоо институтунун ортосундагы келишиминин алкагында өткөрүлдү.

            RADI CAS бул келишимдин алкагында аэрокосмикалык сүрөттөрдүн маалымат базасына акысыз пайдаланууга мүмкүнчүлүк берди, мунун жыйынтыгында УИАнын ФТПМТ Институту Кыргызстандын 3 терабайттан ашык спутниктик сүрөттөрүн алган жана аны өзүлөрүнүн изилдөөлөрүнө пайдаланып жатат. Ошондой эле 2013-жылы декабрда RADI CAS аэрокосмикалык сүрөттөрдү иштетүү боюнча АКШнын 1 млн. долларына тете камсыздоо программаларын берген.

Аталган Келишимди ишке ашыруунун максатында декабрь айында биргеликте изилдөө боюнча 2 Келишимге кол коюлган:

  1. Ысык-Көл жана Бостон көлдөрүн ошондой эле Петров атындагы мөңгүнү жана
  2. Батыш Тянь-Шандагы минералдык ресурстарды изилдөө.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду, профессор Жианбо Лиу анын алкагында УИАнын физико-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун лабораториялары үчүн спутниктик маалыматтарды кабыл алуу жана аны чоң монитордо реалдуу убакытта көрсөтүү боюнча электрондук эсептөөчү машине үчүн 2 комплект ала келген.

Профессор Жианбо Лиу бул сапарында КР УИАнын геология институтуна жана КР УИАнын сейсмология институтуна кайрылып кетет.  

            Мындан тышкары, бул Институттар биргелешип 2014-жылдын 10-12-сентябрында Ысык-Көлдө Жердеги кургакчыл жана жарым кургак аймактарына байкоо жүргүзүү боюнча: “Борбор Азия: космостон көз караш” деген аталыштагы 2 Эл аралык симпозиум өткөрүүнү пландап жатат. Жолугушууда аталган симпозиумду өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча талкуу болот.

______________________________________________________________

15:40 24.03.14 | Отдел информационного обеспечения Президиума НАН КР

24 марта в НАН КР был подписан Межведомственный регламент взаимодействия между Министерством  образования и науки КР, Национальной академией наук КР и Высшей аттестационной комиссией КР.

          

  Предметом настоящего Регламента является обеспечение эффективного взаимодействия между  МОН КР, НАН КР и ВАК КР в области развития научно-инновационной деятельности.

Основными задачами соглашения является:

  • Совершенствование законодательной базы в области научно-инновационной деятельности;
  • Содействие продвижению научно-инновационных проектов;
  • Повышение информированности о существующих научно-инновационных проектах с целью содействия в их реализации;
  • Повышение информированности о существующих международных и межгосударственных программах сотрудничества в области науки и инноваций;
  • Координация усилий в решении актуальных вопросов развития науки и инноваций;
  • Информационное обеспечение научно­-инновационной деятельности и пропаганда развития науки и инноваций.

            Отметим что, настоящий Межведомственный регламент взаимодействия  разработан в соответствии со статьями 10 и 17 конституционного Закона Кыргызской Республики «О Правительстве Кыргызской Республики» в целях исполнения постановления Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении Типового регламента взаимодействия государственных органов исполнительной власти по реализации смежных функций» от 9 июля 2013 года № 404 и постановления Правительства Кыргызской Республики «О Национальной стратегии развития интеллектуальной собственности и инноваций в Кыргызской Республике на 2012-2016 годы» от 23 сентября 2011 года № 593 и иными нормативными правовыми актами.

        В период действия настоящего Регламента все споры и разногласия между МОН КР, НАН КР и ВАК КР разрешаются путем переговоров и консультаций.

      Регламент действует с момента подписания в течение 12 календарных месяцев. Его действие будет автоматически продлеваться на последующий год, если одна из сторон за 2 месяца до истечения очередного срока действия Регламента не уведомит письменно другие стороны о его прекращении.

............................................................................................................................

На кырг.

 

КР УИАда үч тараптуу келишимге кол коюлду
2014-жылдын 24 мартында КР УИАда КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Улуттук илимдер академиясы жана КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын ортосунда ведомство аралык биргеликте аракеттешүү регламентине кол коюлду.  

            Бул Регламенттин негизги максаты – КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР УИА, жана КР ЖАК ортосунда илимий-инновациялык ишмердүүлүк тармагындагы натыйжалуу иштешүүнү камсыздоо.  

 

КР ББИМ, КР УИА жана КР ЖАК ортосундагы бирге аракеттешүү төмөнкүлөргө негизделет:

  • Кыргыз Республикасынын илимий-инновациялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды жүзөгө ашырууга;
  • инновациялык жана илимий-техникалык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө өз ара көмөктөшүүгө;
  • Бар болгон илимий-инновациялык долбоорлордун жүзөгө ашырылышына көмөктөшүү максатында алар туурасында кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу;
  • Илим жана инновациялар чөйрөсүндө бар болгон эл аралык жана мамлекеттер аралык кызматташуу программалары туурасында кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу;
  • Илимди өнүктүрүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди чечүү аракеттерин координациялоо;
  • Илимий-инновациялык ишмердүүлүктү маалымат менен камсыз кылуу жана илим менен инновацияларды өнүктүрүүнү пропагандалоо.

Белгилей кете турган нерсе – бирге аракеттешүүнүн ведомстволор аралык регламенти (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10- жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-июлунда чыккан “Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын чектеш милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча бирге аракеттешүүсүнүн типтүү регламентин бекитүү жөнүндө” №404-Токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрында чыккан “Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” №593-Токтомун жана ченемдик-укуктук башка актыларды аткаруу максатында иштелип чыкты.

            Регламент колдонууда болгон мезгилде КР ББИМ, КР УИА жана КР ЖАК ортосундагы бардык талаштар менен кайчылаш пикирлер сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.

        Регламент ага кол коюлган учурдан тартып 12 календарлык ай бою колдонууда болот. Эгерде тараптардын бири Регламенттин кезектеги колдонулуш мөөнөтү аяктагандан 2 ай мурун аны колдонуусун токтотору жөнүндө кат түрүндө кабар бербесе, Регламенттин колдонулушу ар кийинки жыл сайын автоматтык түрдө узартылып турат. 

______________________________________________________________

14:30 20.03.14 | Отдел информационного обеспечения Президиума НАН КР

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ

Бүгүн, 2014-жылдын 20-мартында, саат 10.00до КР УИАнын Чоң конференцзалында Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын жылдык ХIX  Жалпы чогулушу өттү.  Жалпы чогулуштун ишине  КР Президентинин аппаратынын социалдык саясат боюнча бөлүм башчысы Кудайбердиева Г.К.,  билим берүү  жана илим министри Садыков К.Ж., КР ЖА төрагасы Мавлянов А.С. жана башкалар катышты.

Окумуштуулар Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын 2013-жылдын ичинде жасаган иштери боюнча илимий-уюштуруучулук ишмердигинин негизги жыйынтыктарын чыгарышты.

Жалпы чогулуштун жүрүшүндө академик, КР УИАнын президенти А.Э.Эркебаев: “Биз эң башкы нерсеге жетиштик – илимдер академиясынын коомдогу бир аз калыптана түшкөн көз карашын өзгөрттүк, бийлик структураларынын биздин талаптарга, муктаждыктарга көңүлүн бурдурдук. КР УИАнын өзүнүн структурасын модернизациялап, мыйзамдык базасын бекемдөө боюнча иш-чараларды жүргүздүк, өзгөрүлүп жаткан шарттарга жана убакыттын талабына ылайык 2025-жылга чейин  КР УИАнын өнүгүүсүнүн Стратегиясын түздүк” – деп баса белгилеп кетти. 

КР УИАнын демилгелүү ишинин шарапаты менен олуттуу окуя – Парламенттик угуулар жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевдин илимдер академиясына келүүсү болду. 

КР УИАнын илимий институттары отчеттук аралыкта 37 долбоор боюнча изилдөөлөрдү жүргүздү, аны каржылоого 249237,0 миң  сом сарпталган.  

            Окумуштуулар тарабынан 3 долбоор боюнча изилдөөлөр аяктады, 46 эмгек ишке киргизилди.

            Илимий иштелмелер республикалык жан эл аралык басылмаларда жарыяланды.

Баш-аягы 1482 илимий иш жарыяланып, анын ичинде чет мамлекетте 364 жарык көргөн, бул жалпы 24,6% түзөтПубликациялардан 1171макала (268 – чет мамлекетте), 100 монография (6 – чет мамлекетте), 50 окуу китептери жана окуу колдонмолору. 

КР УИАнын институттарында 14 диссертациялык кеңеш иштейт, анда 48 илимий адистик боюнча диссертация корголот, бул республика боюнча жакталып жаткан баардык адистиктердин 35,5% түзөт. Учурда 22 докторлук жана 99 кандидаттык диссертация жакталган. 26 техникалык иштелме патенттелген, анын ичинде 9 патент берүү жөнүндө чечим чыгарылган. РК УИАда 13 журнал жана 4 эмгектердин жыйнагы чыгарылат.

           КР УИАнын ХIX жылдык  Жалпы чогулушунун сессиясынын токтому:

Иштелип чыксын: КР Улуттук институтунун стратегиялык изилдөөлөрүнүн базасына киргиздирүү менен төрт инвестициялык бизнес-долбоорду;

ЕврАзЭСтин жогорку технологиялар Борборунун маалымат базасына киргиздирүү менен Эки инвестициялык бизнес-долбоор;

Ишке ашыруу: КР УИАнын структурасын оптимизациялоо жана мыктылоо;

Мамлекеттин экономикасынын түркүн тармактарына 55 даяр иштелмени жайылтуу, ишке киргизүү;

           КР ЖКга жана КР Өкмөтүнө кароого: учурдун талабына ылайык, өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды эсепке алуу менен нормативдик-укуктук акттарды, анын ичинде КР УИАнын Уставын киргизүү. 

______________________________________________________________

14:20 20.03.14 | Отдел информационного обеспечения Президиума НАН КР

НАЦИОНАЛЬНАЯ АКАДЕМИЯ НАУК КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

20 марта в Большом конференц – зале НАН КР  прошла  ХIX годичная сессия Общего собрания Национальной академии наук Кыргызской Республики. В работе Общего собрания приняли участие  Кудайбердиева Г.К. – зав. отделом  социальной политики аппарата Президента КР, Муратов А.А. – зав. отделом аппарата Правительства КР,  Садыков К.Ж.- министр образования и науки КР, Мавлянов А.С. – председатель ВАК КР и другие.

Ученые подвели итоги деятельности Национальной академии наук Кыргызской Республики за 2013 год и  основные итоги научно – организационной деятельности НАН КР.
В ходе выступления президент НАН КР академик А.Э.Эркебаев подчеркнул, что удалось сделать главное – переломить сложившееся в обществе негативное мнение об Академии наук, обратить внимание властных структур на наши нужды и чаяния. Опережая события, стали проводить мероприятия по усовершенствованию законодательной базы,  модернизации самой структуры НАН для более эффективной работы,  создали Стратегию развития НАН КР до 2025 года согласно изменившимся условиям и требованию времени.
Итогом таких энергичных действий НАН стали значимые события – это Парламентские слушания и посещение Премьер-министром Кыргызской Республики Сатыбалдиевым Ж.Ж. Национальной академии наук.
В отчетном году НИУ НАН КР выполняли исследования по 37 проектам, на финансирование которых выделено из бюджета 249237,0 тыс.  сомов.
Учеными НАН КР завершены исследования по 3 проектам, выполнено 46 внедрений. Результаты НИР активно публиковались в республиканских и международных изданиях. Опубликовано 1482 научных работ, в том числе  за рубежом – 364, что составляет 24,6%. В числе публикаций 1171 статей (268 – за рубежом), 100 монографий (6 – за рубежом), 50 учебников и учебных пособий.
В институтах НАН КР действуют 14 диссертационных советов, в которых защищаются диссертации по 48 научным специальностям, что составляет 35,5% всех специальностей, по которым защищаются диссертации в республике. Были защищены 22 докторских и 99 кандидатских диссертаций. Запатентовано 26 технических решений, получено 9 положительных решения о выдаче патентов. В НАН КР издаются 13 журналов и 4 сборника трудов.
ХIX годичная сессия Общего собрания НАН КР постановила:  
Разработать: четыре инвестиционных бизнес – проекта с внесением их в базу данных Национального института стратегических исследований КР;
два инвестиционных бизнес –проекта с внесением их в базу данных Центра высоких технологий ЕврАзЭС;
Осуществить: оптимизацию и совершенствование структуры НАН КР;
внедрение 55 готовых разработок в различные отрасли экономики страны;
Внести на рассмотрение в ЖК КР и Правительство КР: проект соответствующих нормативно-правовых актов по внесению изменений и дополнений с учетом требований времени, включая Устав НАН КР.

______________________________________________________________

09:55 17.03.14 | Отдел информационного обеспечения Президиума НАН КР

КР УИАда үч китептин бет ачары өттү

2014-жылдын 14-мартында КР УИАнын чакан залында «Улуттук идея: кыргыз тили жана кыргыз адабияты», «Улуттук идея кыргыз философиясында», «Улуттук идея кыргыз тарыхында» аттуу жыйнактардын бет ачарын өткөрдү. 
Улуттук идея көйгөйү бүгүнкү күнү адамдардын жалпы улуттук жашоосунун түркүн тармагында абдан маанилүүлүккө жана курч мүнөзгө ээ болуп келет. Биздин мамлекеттин көп улутка мүнөздүүлүгү аны негиздеген элдердин эгемендүү өзүн таануусунун ойгонушу биздин коомдун социалдык кайра түзүлүүсүнүн жолун издөөсүн талап кылат.   
Кыргыз элинин тарыхы жана маданияты Кыргыз мамлекетинин түркүн элдерин бириктире турган негиз болушу керек.
Коомдук илим (тарых, тил, адабият, философия, юриспруденсия) эгемендүүлүккө жеткенден кийин кандай  коомдук кайра өзгөрүүгө дуушар болу, коом менен илимдин байланышы кандай, эмне үчүн биз 20 жыл аралыгында улуттук идеологиябызды аныктай албай келебиз, мамлекеттин эгемендүүлүктү сакташ үчүн коомдук илимде кандай саясатты жүргүзүш керек, коомдук аң-сезимге таасир этүүнүн кандай руханий рычагдары бар, сунушталган китептерде мына ушул жана башка маселелер каралган. 
«Улуттук идея: кыргыз тили жана кыргыз адабияты» деген топтомдо кыргыздын чыгаан уулу Ч.Айтматовдун улуттук идеяга карата ою, улуттук идеянын кыргызстандыктар үчүн мааниси, «Манас» эпосу баш болгон кѳркѳм дѳѳлѳттѳрдѳ улут, эл, Мекен темасынын кѳркѳм чагылдырылышы жана улуттук тил менен улуттук аң сезимдин карым катышы тууралуу пикирлер ортого коюлган.
«Улуттук идея кыргыз философиясында» аттуу топтомдо улуттук идеянын маңызы, анын функциялары, анын аксиологиялык негиздери, эл, тил маселелери, улуттук идеядагы диний негиздер, элдик оозеки чыгармачылыкта улуттук идеяны туюнткан баалуулуктар тууралуу талдоолор топтоштурулган.
«Улуттук идея кыргыз тарыхында» аттуу топтомдо кыргызстандыктардын идеологиялык маселелери, мамлекеттик идеологияны иштеп чыгуунун шарттары, кыргыз этносун сактап калуу идеяларынын тарых барактарында чагылдырылышы, улуттук идеология жана этнология, кыргыз маданиятынын контекстиндеги улуттук идеялар талдоого алынып, ѳлкѳнүн руханий жана саясий келечегинин багытын белгилѳѳчү каражат катары улуттук идеологиянын мүнѳзү талдоого алынды. 
Китептердин бет ачарына Кыргызстандын жождорунун, КР УИАнын окумуштуулары, белгилүү жазуучулар Мелис Абакиров, , Эл акындары Майрамкан Абылкасымова, Омор Султанов, Гүлсара Момунова, Надырбек Алымбеков, коомдук ишмерлер Миталип Мамытов, КР мамлекетине эмгек сиңирген ырчы Дарыйка Жалгасынова, бир топ ЖМКлардын журналисттери катышышты. Өзүлөрүнүн улуттук идея боюнча ой-пикирлерин билдиришти.

______________________________________________________________

16:55 14.03.14 | Отдел информационного обеспечения Президиума НАН КР

    
Усилиями  ученых Институтов Отделения гуманитарных и экономических наук НАН КР  изданы  научные труды: «Национальная идея:  кыргызский язык и литература», «Национальная идея в кыргызской философии», «Национальная идея в истории  кыргызов».
Сегодня в малом зале НАН КР  прошла презентация книг  «Национальная идея: кыргызский язык и  литература», «Национальная идея в кыргызской философии», «Национальная идея в истории  кыргызов».
Проблема национальной идеи в различных сферах жизнедеятельности людей как общенационального развития приобретает в современных условиях особое значение и остроту. Многонациональный характер нашей страны и проснувшееся суверенное самосознание образующих его народов требует поиска путей социального переустройства нашего общества. В то же время, история  и культура кыргызского народа должна стать  тем маяком, которая должна связать воедино разные народы кыргызского государства.
Какие изменения перетерпела общественная наука (история, язык, литература, философия, юриспруденция) после независимости и как отразились на ней общественные преобразования, какая связь между обществом и наукой, почему на протяжении 20 лет не можем определить  национальную идеологию, какую политику необходимо провести общественной науке для сохранения государственной независимости, какие существуют духовные рычаги для влияния на общественное самосознание  - эти и другие вопросы  затрагиваются в предложенных научных работах.

Сборник «Национальная идея: кыргызский язык и литература»  содержит размышления выдающегося писателя современности Ч.Айтматова о значении национальной идеологии для Кыргызстана, о ценности языка в развитии кыргызского народа, а также  художественное отражение темы нации, народа, родины в эпосе «Манас».  
В сборнике  «Национальная идея в кыргызской философии» рассматривается вопрос о месте и роли национальной идеологии в контексте кыргызской философии, о  важности идеологии в политэтническом социуме, об актуальных проблемах идеологии в контексте истории философской мысли кыргызов.
В сборнике «Национальная идея в истории  кыргызов»  впервые сделана попытка научного анализа идеи сохранения и развития этноса в истории кыргызского народа с глубокой древности до современности. В разделах, посвященных идеологии анализируются вопросы, связанные с условиями и задачами ее разработки, перспектив развития страны в духовной и политической сферах.  В нынешних условиях, когда очень остро стоит вопрос выработки национальной идеологии, исследования  об отражении национальной идеи в истории, языке, культуре, народной философии, безусловно, будут способствовать успешному решению проблемы. 


______________________________________________________________

10:15 14.03.14 | Отдел информационного обеспечения Президиума НАН КР

Абдылдажан Акматалиев:
“Коом улуттук идеяларга “суусап” турат...”

- Биз билгенден Улуттук илимдер академиясында иш-чаралар жакшы эле өтүп жатат. Мына жакында эле “Улуттук идеяга” арналган үч китептин бет ачары болуп өттү. Окумуштуулардын бул багытка киришип калганына эмне себеп болду?
- Өзүңөр билесиңер, жылына жалпы коомчулукка керектүү, зарыл деген фундаменталдуу эмгектерди тартуулап, алардын бет ачарларын уюштуруп келебиз. Мен өткөндө “Улуттук идея жалпы кыргызстандыктар үчүн керек” (“Планета”, 2013, 23-август) деп макала жазып, аны иш жүзүнө ашыруу демилгесин кылгам. Натыйжада улуттук идеяга арналган, тил, адабият, тарых, философия багытында китептерди чыгардык. Биздин максат бул серияны жыл сайын улантуу. Улуттук идея ар бир улут, мамлекет үчүн керек, андан чочулобоо керек. Бирок, өтө аша чабуунун да зарылдыгы жок, айрым учурда улуттук идеяны улутчулдук, шовинизм менен алмаштырып да жатышат, бул туура эмес. Бир нерсени жакшы ажырымдап алалы, улуттук идея дегенде, биринчиден, өзүбүздү, кыргыздарды, экинчиден, Кыргызстанда жашаган башка улуттардын, элдердин, этникалык топтордун жалпы идеяларын түшүнүүбүз керек. Кыргыз элинин улуттук идеясы кыргызстандыктардын идеясына карама-каршы келбейт, тескерисинче, экөөнүн бир максаттуулугу өлкөбүздү биримдикке, ынтымакка жана келечекке алып келет. Ошондуктан улуттук идея – жалпы улуттук, мамлекеттик идеологиянын пайдубалы. Ошол себептен улуттук идеяны илимий жактан негиздейли деген милдетти коюудабыз.
- Дегеле улуттук идея деген эмне?
- Улуттук идеялар азыр мончок сымал чачылып жаткансыйт. Аларды бир жипке тизүү зарыл. Улуттук идея кеңири түшүнүк, жашообуздун бардык жагын камтыйт, алалы, өлкөдөгү туруктуулук, территориялык бүтүндүк, ички жана тышкы саясат, айыл-чарба, экономика, өндүрүш, кен байлыктар, демография, экология, маданият, илим, билим, жумушсуздукту, жакырчылыкты жоюу, үй-бүлө, гүлдөп өсүү ж.б. проблемалар менен байланышкан. Улуттук идеянын мааниси мамлекеттин күчтүү болушун, жеке адамдын келечегин камсыз кылууну шарттайт. Улуттук идея абстракттуу эмес, чиновниктерден тартып карапайым адамдарга чейин түшүнүктүү болуп, күндөлүк турмушта дайыма колдонулуп, ага мамлекет да, коом да, жеке адам да өз салымын кошушу зарыл. “Япондуктар – бир үй-бүлөдө” деген идеяны көтөрүп чыгышты. Казак туугандар болсо Президенти Н.Назарбаев баштап “Түбөлүк эл” дешти. Ал эми Россиянын Президенти В.Путин: “Основная национальная идея сейчас в России – это патриотизм и благосостояние, гарантированные государством” – дейт.
- Азыр бизде улуттук да, мамлекеттик да идеология жок болуп жатпайбы? Таң калып жатам, эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин коом үчүн идеологияны түзө албадык, себеби эмнеде дейсиз?
- Бул суроо интеллигенцияны түйшөлтүп келет. А интеллигенциянын өзү коом үчүн эмнегедир кайдыгер болуп турганы тынчсыздандырбай койбойт. Ал эми карапайым адамдардын дегеле иши жок эмеспи! Азыр анын үстүнө коомдун өзү байлар жана кедейлер болуп бөлүнүү, ажырым процесси уламдан-улам тереңдеп баратат. Мындай көрүнүш, тенденция учурунда жалпы идеологияны иштеп чыгуу да кыйын. Мен муну менен идеологиянын кереги жок деп айтып жаткан жерим жок, тескерисинче, идеологияны тезирээк иштеп чыгып, коомдун ажырымынан, бөлүнүүсүнөн, бузулушунан  сактап калууга, жаштарды тарбиялоого аракеттерди көрүү зарылчылдыгы турат. Улуттук идея жогоруда айтылгандай, түзүлө турган идеологиянын фундаменти болгондуктан, мына ошол идеяларды тактап, аныктап алышыбыз эң орчундуу маселелерден. Дагы баса белгилейин, идеология улуттук идеялардын негизинде жаралышы керек.
- Эми конкреттүү айтканда коомдук илимдерде улуттук идея кандай материалдарда көрүнүп жатат?
- Улуттук идеянын башкы маңызы, этабы – бул азаттык, эркиндик. Коом болобу, жеке адам болобу, көксөгөнү, самаганы ушул эмеспи! Бул тема “Манас” эпосунда, кенже эпостордо, макал-лакаптарда, элдик ырлар менен поэмаларда, Орхон-Энесай жазуу эстеликтеринде, Жусуп Баласагындын “Куттуу билиминде”, Кетбука, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч сыяктуу акындардын чыгармачылыгында кеңири чагылдырылган. Мындай материалдар адабиятка гана эмес, философторго да алтын казына болуп берет. Ал эми элибиздин, улуу инсандардын басып өткөн жолунун тарыхын жазуу илим үчүн өрнөк, үлгү.
- Совет учурунда улуттук идея болгонбу?
- Болгон. Мисалы, жалпы советтик улуттар үчүн Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы бири-бири менен тыгыз байланышкан идеяларды алалычы: “Вставай, страна огромная, вставай на смертной бой!”, “Все – для фронта” деген идеялар жеңишти камсыз кылган болчу. Коммунизмди куруу идеясы да элди бириктирген, бирок, өзүң билесиң да!
- А биздечи?
- Отузунчу жылдарды алалы. Жакшы ойлор жаралган. Бирок аны өтө саясатташтырып жиберишкенден улам андан улутчулдукту издешкен. Натыйжада кыргыздын алгачкы интеллигенция өкүлдөрү Т.Айтматов, Ж.Абдырахманов, А.Орозбеков, А.Сыдыков, К.Тыныстанов, И.Арабаев ж.б. биринин артынан бири атылып кеткен. Улуттук идея дегенде улутту биримдикке, ынтымакка, тазалыкка, асылдыкка, ишенимге, урматтоого, сыйлоого, абийирдүүлүккө, акыйкатка, чындыкка, калыстыкка, гумандуулукка, адамгерчиликке, ар-намыстуулуккта, сабырдуулукка, айкөлдүккө, кечиримдүүлүккө, мээрмандыкка, меймандостукка, эмгекчилдикке, келечекке үндөгөн түшүнүк катары да кабыл алышыбыз керек. Улут сакталышы, өнүгүшү үчүн мына ушундай сапаттар керек. Кыргыз акын-жазуучуларынын бардык чыгармаларында бул идеялар чагылдырылган. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында улуттук идеялар өтө даана көрүнөт.
- Сиздин айтканыңызда калет жок. Ошондой болсо да бүгүнкү күн үчүн кандай улуттук идея керек?
- Улуттук идея ата-бабалардан бери кылымдап келе жаткан салт. Ал уланып отуруп, бизге чейин жетип отурат. Ошону менен ал катып калган сенек догма эмес, убакыт, мезгил менен улуттун жаңы проблемалары келип чыгат, ошого жараша өзгөрүп, жаңы мазмун алып турат. Демек, биз азыр эңсеп келген эркиндикке, азаттыкка жеттик, аны сактап калуу үчүн бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Тилибизди, дилибизди коргоо, ынтымакты, биримдикти чыңдоо милдетибиз. Улут болбосо кайдагы улуттук идея болмокчу. Ал эми улуттук идеясыз бир да мамлекет жок. Элибиздин бардык жакшы касиеттери, сапаттары, улуттук идеяга сиңген. Биз бүгүн ошол идеяларды өнүктүрүү жоопкерчилигин сезе билүүбүз керек. Батыштын бузуку көз караштарына, ойлор-пикирлерине тоскоол, жолтоо болуучу жолду мен элдик, улуттук идеялардан гана көрө алам. Күндөн-күнгө жашообузду алар чырмоок сымал чырмап, жаштарыбызды маңкурт кылып жатат. Минтип отурсак мамлекетибизди жоготуп алыбышыз мүмкүн. Президент А.Атамбаев үстүбүздөгү жылды бекеринен “Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы” деп атаган жок. Мамлекеттин чек араларын сырткы душмандардан гана эмес, ички руханий бузулуштан сактап калуу жоопкерчилиги, милдети турат. Коомдон улуттук идеялар четтетилген, сүрүлгөн сайын мамлекетибиздин пайдубалына жарака кете берет. Коом улуттук идеяларга “суусап” турат.
- Сиз, биз улуттук идеяга берилели дейли, башкалар кандай карайт болду экен?
- Идеянын зарылдыгы, максаты, мааниси элибиздин, жерибиздин бир бүтүндүгү, ынтымагы, өсүп-өркүндөшү, гүлдөшү, келечеги да! Бирикбесек, “Манаста” айтылгандай:
“Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,
Бөлүнүп калды  кыргыз! – деп
Бөлөк элге кеп кетет”
А бирок биз “Манастагы” осуятты да практикалык жашообузда колдоно албай жатпайбызбы! Менин дагы бир капа болгонум жок жерден эле он жылдан бери “бейкут”, “дили” деген сөздөр үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин талашып келдик. Гимнди сыйлоо, урматтоо болбоду. Гимн деген улуттук идеянын эң башкы жарчысы да! Ал эми башка мамлекеттердин атуулдары Мамлекеттик Гимн менен бала бакчадан баштап тарбияланышат, алардын ырдаганын укканда намыс ойгоно түшөт.
Жакында өзүң билесиң, Сочиде кышкы олимпиада болбодубу. Ошондо Россиянын Туусу желбиреп, Гимни ырдалгандагы көрүнүштү элестетчи:
“Россия – священная наша держава,
Россия – любимая наша страна.
Могучая воля, великая слава, –
Твоё достоянье на все времена.”
Жүрөк болк этет, башты бийик көтөргүң келет. Менин пикиримче, Конституцияда, Эгемендүүлүк боюнча Декларацияда, Гимнде улуттук идеялардын артыкчылыгы көрүнүп турушу керек.
- Сиздин кандай сунуштарыңыз бар?
- Бирдиктүү идеяга биригишибизди, ишенишибизди учур талап кылып жатат. Басма сөздөрдө “Улуттук идея” тууралуу ар тармак боюнча талкуулар болсо, “Улуттук идеядагы” приоритеттүүлөрдү аныктасак, концепцияларды иштеп чыксак жакшы болоор эле. Натыйжада “Кыргызстандын улуттук идеясы” деген фундаменталдуу чоң эмгек жаралышы керек.
Мына экөөбүз “улуттук” деген сөзгө басым жасап отурабыз. Мен иштеген мекеме – Улуттук илимдер академиясы, ошондой эле “Улуттук хирургия”, “Улуттук музей”, “Улуттук филармония”, “Улуттук драма театры”, “Улуттук программа” деген аталыштар бар. Жакында эле Улуттук оппозиция кыймылы уюшулду, мындай аталыштардын кандайдыр мааниси барбы жөн эле модага айланган сөзбү?..
Эмне үчүн мындай аталды? Мурдагы аталышта калса болбойбу? Эмнеси өзгөрдү? деген сыяктуу мыйзамченемдүү суроолор сөзсүз пайда болот. “Улуттук” деген сөздүн өзгөчөлүгү, өзүнчөлүгү болушу керек да! “Улуттук” деп жөн эле атап коюунун зарылдыгы жок, менин түшүнүгүмдө сырткы аталыш менен ички мааниси дал келиши зарыл.
- Маегиңизге рахмат!

Маектешкен

Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ

 




© 2013 Арзиев Кутбек
........................................................................................................